Чек арага жакын жердеги трассада тажик чек арачылары кыргыз жаранынын унаасын аткылашкан
RU

Чек арага жакын жердеги трассада тажик чек арачылары кыргыз жаранынын унаасын аткылашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-декабрда кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу КР УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандык жаран Камаз үлгүсүндөгү унааны Лейлек районундагы Максат-Жаштык унаа жолунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкеси боюнча айдап бара жаткан. Айдоочу арыктан суу чыгарайын деп токтогон. Ошол учурда анын жанына үч тажик аскер кызматкери келип, унаага отуруп, Тажикстандын аймагына барууну талап кылышкан. Айдоочу тажик чек арачылары менен бирге жолду бойлой айдай берген.

Көңүл бурдуруу үчүн айдоочу күтүүсүздөн ошол эле жолдо келе жаткан башка унаанын жолун тосуп, аны тажик аскерлери кармап кетип жатканын айтып калууга үлгүргөн.

Тажик чек арачылары унаадан түшүп, айдоочу кетүүгө аракет кылганда, алар ок чыгарышкан. Дөңгөлөгү менен алдыңкы айнекти үч жолу атышкан.

Учурда Лейлек тилкеси боюнча Кыргызстандын жана Ганчинский тилкеси боюнча Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүүдө. Окуя болгон жерде КР МУККнын Баткен облустук башкармалыгынын башчысы, полковник К.Төлөнбаев жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4881