Жогорку Кеңештин VI чакырылышы дагы кичине иштей турат
RU

Жогорку Кеңештин VI чакырылышы дагы кичине иштей турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы ишин бүгүн баштабайт. Бул тууралуу кечээ, 22-декабрда Telegram каналына депутат Дастан Бекешев жазган.

"Эртең VII чакырылыштын отуруму болбойт. Жаңы чакырылыш антты кийинки жумада берет окшойт, анткени БШК соттошуп жатат. Кыскасы, эртең эч нерсе болбойт. Депутаттар дагы бир жума күтө турушат", - деп жазган.

Жогорку Кеңеш бул маалыматты редакцияга тастыктады. Алар билдиргендей БШКнын соттук иштери бүтө элек, ошондуктан жаңы чакырылыштын алгачкы жыйыны качан боло турганы белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4886