Италиялык дизайнерлер жаңы шарф чыгарышкан. Оймолору кыргыздыкына окшош экен
RU

Италиялык дизайнерлер жаңы шарф чыгарышкан. Оймолору кыргыздыкына окшош экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саркеч кийимдерди жана аксессуарларды өндүргөн Италиялык Etro компаниясы кыргыз оймолоруна окшош шарф чыгарган.

Аксессуар мода индустриясынын Farfetch Limited глобалдуу платформасында сатылууда. Анын баасы - $1 миң.

Etro - 1968-жылы италиялык модельер Джероламо (Джиммо) Этро негиздеген компания. Etro италиялык кийимдерди, кездемелерди, парфюмерия, тиричилик товарларды, аксессуарларды ж.б. баалуу буюмдарды өндүрөт. Компания "пейсли" фирмалык оймосунан кийин кеңири популярдуулукка ээ болгон. "Пейсли" оранменти индия бадыраңы, түрк бадыраңы, ботех же бута деп да аталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4888