2021-жылы Бишкекте бир бөлмөлүү батирлер канча турат?
RU

2021-жылы Бишкекте бир бөлмөлүү батирлер канча турат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көп кабаттүү үйлөрдөгү бир бөлмөлүү батирди орто эсеп менен $29,7 миңге сатып алса болот. Мындай жыйынтыкка kaktus.kg кыймылсыз мүлк сатуу сайттарындагы жарнактарда анализдегенден кийин келди.

Биз декабрь айында гана сатыкка коюлган жарнамаларды эске алдык.

Акыркы беш жылда бир бөлмолүу батирлердин баасы $1,4 миңге көтөрүлгөн. Сом менен ала турган болсок, орто эсеп менен 540 миң сомго.

104-серия

Бишкекте 104-сериядагы көп кабаттүү үйлөр адатта 4-5 кабат болуп салынган. Мындай үйлөрдөгү бир бөлмөлүу батирдин аянты 30 кв.м. Көбүнчө кичи райондордо болот.

Декабрь айына карата 104-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $30 600.

105-серия

05-сериядагы көп кабаттүү үйлөр - бул беш жана тогуз кабаттуу панелдик үйлөр. Мындай батирлерде туалет менен ванна кошулган. Жалпы аянты 33 кв.м.

Декабрь айына карата, Бишкекте, 105-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $30 800.

106-серия

106-сериядагы көп кабаттүү үйлөр жалаң 9 кабаттуу. Туалет менен ванна өзүнчө, ашканадан чыга турган лоджиясы бар. Жалпы аянты 35 кв.м.

Декабрга карата, Бишкекте, 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $31 400.

Хрущевкалар

Калк арасында хрущевка деп аталып калган батирлер 2, 3, 4, 5-кабаттуу болуп салынат. Алар 1960-жылдары бүтүндөй союз боюнча салынган. Бишкекте көбүнчө үч жана төрт кабаттүү "хрущевкалар" кездешет. Бил бөлмөлүү батирдин аянты 28-31 кв.м.

Декабрга карата, Бишкекте, 106-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин баасы - $26 000.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4889