Аял күйөөсүн бычактап салган
RU

Аял күйөөсүн бычактап салган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аял күйөөсүн бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 9-декабрь күнү саат 19:40тар чамасында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк айылындагы үйлөрдүн биринде жубайлар спирт ичимдиктерин ичишкен. Сүйлөшүү учурунда 1980-жылы туулган С.Д. аттуу аял ашкана бычагын алып, 1964-жылы туулган күйөөсү М.А.га сайып алган.

Эркек алган жараатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Шектүү кармалып, бир айга СИЗОго камалды. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4895