Тажик жаранынын үйүнө кимдер ок чыгарганы такталып жатат
RU

Тажик жаранынын үйүнө кимдер ок чыгарганы такталып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы 23-декабрга караган түнү Баткен районунун Дахма тилкесинде белгисиз адамдар тажик жаранынын үйүнө эки жолу ок чыгаргандыгы тууралуу маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул учурда жарылууга окшош үндөр угулган. Бирок, жеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында ок атуунун изи табылган эмес.

Учурда кыргыз тараптын укук коргоо органдары кошумча иликтөө иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4904