Кримтөбөл Дженго УКМКнын СИЗОсунан бошотулат
RU

Кримтөбөл Дженго УКМКнын СИЗОсунан бошотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дженго" каймана аты менен таанымал криминалдык авторитет Кадыр Досонов мыйзамсыз акча өндүргөн жана жер тилкелерди басып алган деп айтыпталган. Сот аны камактан бошотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 23-декабрда, Ош шаардык сотунун судьясы Досоновду УКМКнын СИЗОсунан бошотуу чечимин кабыл алган. Крим төбөл 2021-жылдын февраль айында камакка алынган болчу.

Досонов кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштырган деп айтыпталууда. Ушул жылдын февраль айында ал өзү Ош шаары боюнча УКМКга келип, ошол жактан кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынган. Адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын айтымында анын жакталуучусу катуу ур-токмокко алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4907