Бишкекте "Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү
RU

Бишкекте "Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттү. Жолугушуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун "Кумтөр Голд" ишканасынан кабарлашты.

Сүйлөшүүгө Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, юстиция министри Аяз Баетов, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердин коомунун сырткы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка кызыкдар тараптар, экинчи тараптан "Центерра Голддун" президенти жана башкы директору Скотт Перри катышты.

Тараптар кендин айланасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алмашып, соттук териштирүүгө байланышкан маселелерди талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен катышуучулар талкууну 24-декабрда улантууну чечишти.

Канадалык "Центерра" компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган. Жазында "Кумтөрдүн" тышкы менежери болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк ишканадагы коопсуздук, мониторинг жана операциялык системалар өчүрүлгөнүн жарыялаган. Бирок, ал кыйынчылыктар көп өтпөй жоюлганын билдирген.

"Центерра" компаниясы кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. "Кумтөр Голд" компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

"Центерра" менен эл аралык арбитражда сот уланууда.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4908