Акылбек Жапаров: Калк майрам күндөрү ишенимдүү колдоо экендигин сезүүсү керек
RU

Акылбек Жапаров: Калк майрам күндөрү ишенимдүү колдоо экендигин сезүүсү керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосуна катышты.

Акылбек Жапаров белгилегендей, алдыдагы жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтүүдө.

"Өлкөнүн калкы жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздугу ишенимдүү колдо экендигин сезүүсү керек",- деди Акылбек Жапаров.

Белгилесек, саптык кароо-инструктажы Бишкекте, ошондой эле республиканын бардык аймактарында күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнүн кызмат өтөөгө даярдыгын текшерүү, жаңы жылдык майрамдарда коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө.

Ошондой эле гарнизондук саптык кароо учурунда экологиялык жана туристтик милициянын техникасы жана транспорту текшерилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков, ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери катышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4912