Эскертүү! ӨКМ аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирди
RU

Эскертүү! ӨКМ аба ырайы кескин өзгөрөрүн билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-27-декабрда туруксуз аба ырайы болорун эскертет.

Бороон тууралуу эскертүү

26-декабрда күндүз жана 27-декабрда туруксуз аба ырайы күтүлөт.

26-декабрда күндүзү:

  • Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаашы күтүлөт;
  • тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот;
  • Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

27-декабрда түнкүсүн:

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт;

Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын күтүлөт.

27-декабрда күндүз:

  • Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Жолдордо кар күрткүсү болуп, муз тоңот. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттордун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4918