Ок атышкандардын арасында ЦУМ жана "Мадинанын" ээлеринин туугандары бар болушу мүмкүн
RU

Ок атышкандардын арасында ЦУМ жана "Мадинанын" ээлеринин туугандары бар болушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборунда ок атышкандардын катарында "ЦУМ" Соода борборунун жана "Мадина" базарынын ээлеринин туугандары бар. Бул тууралуу Kaktus.kg редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Расмий тактоону талап кылган маалыматтар боюнча конфликттин катышуучуларынын арасында Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Турсунтай Салимовдун , "ЦУМдун" жана "Арзунун" ээси Рустам Габбазовдун туугандары бар.

Берилген маалыматка ылайык, 22-декабрда Бишкектин Эркиндик жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болжол менен саат 21:00до белгисиз адамдардын ортосунда пикир келишпестик болуп, андан кийин алдын ала даярдап алган таштарды бири-бирине ыргытып, тапанча, мылтык, автоматтан ок атышкан.

Видеодо көрүнүп тургандай, ондогон эркек кишилер бири-бирине ок атып, андан кийин чыр-чатакты токтотууга аракет кылышкан. Бирок бирөөсү экинчисин жаакка муштагандан кийин кайра ызы-чуу башталып кеткен.

Бишкектин ШИИБси бир күндөн ашык эч кандай комментарий берген эмес. Бирок бүгүн чыр-чатакка катышкан алты киши кармалганын маалымдады. Алар: 1983-жылы туулган А.Г., 1988-жылы туулган А.Т., 1987-жылы туулган А.Т., 1993-жылы туулган Д.Н., 1991-жылы туулган М.А. жан 1988-жылы туулган А.Т.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4922