Асылбек Жээнбеков кызын Акылбек Жапаровдун уулуна турмушка узатты
RU

Асылбек Жээнбеков кызын Акылбек Жапаровдун уулуна турмушка узатты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-декабрда Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков кыз узатуу иш-чарасын өткөрүүдө. Ал кызы Бегимайды турмушка берип жатканын Kaktus.media булактары жазып кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чара Асылбек Жээнбековдун шаардагы кичи райондордун бириндеги батиринде өтүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, батирдин аянты 200 чарчы метрден ашат.

Түшкү тамактан кийин батирден музыка угулуп, үйдүн короосунда көптөгөн кымбат баалуу унаалар токтоп турган. Кире бериште күзөтчү коюлган.

Белгилей кетсек, күйөө бала Максат – азыркы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун уулу. Бул тойдо министрлер кабинетинин төрагасы өзү да бар - муну короодо токтулуп турган кызматтык унаасы, ошондой эле Мамлекеттик гвардиянын кызматкерлери да далилдеп турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4930