Милиция кызмат учурунда каза болгон кесиптештеринин балдарына белек берди
RU

Милиция кызмат учурунда каза болгон кесиптештеринин балдарына белек берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин атын өчүрбөй, элесин түбөлүккө сактап, жаш тартип сакчыларына үлгү болуусу үчүн ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүп, майрам учурларында үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүп, моралдык жактан дагы колдоо көрсөтүп келет. Бул тууралуу ИИМдин басма соз кызматы билдирди.

2021-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусундагы Президенттик балатыга 2013-жылы кызмат учурунда курман болгон милициянын старшинасы Атаханов Ниязалы Адашовичтин 5-класста окуган баласы Жумадил Адашов дагы катышты. Баланын апасы да милиция кызматкери. Самара Эсенбаева жолдошу курман болгондо, анын атын өчүрбөө максатында милиция кызматкери болууну чечкен. Учурда Самара Эсенбаева Жалал-Абад ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектору.

25-декабрь күнү ИИМдин кызматкерлери Жумадил Адашов менен жолугуп, майрамдык маанай тартуулашып, өздөрү менен кошо белек катары алып барган китептерди, таттууларды тапшырышты. Ошондой эле, Жалал-Абад облусунан Жумадил менен кошо келген 30 баланы дагы келе жаткан жаңы жылы менен куттукташып, ИИМдин кызматкерлери белектерди беришти. Бул саамалык балдар үчүн күтүүсүздөн болгонун жана милиция кызматкерлеринин колунан белек алуу аларга кубаныч тартууланганын айтып беришти.

Жумадил Адашов ата-энесинин кесиптештери менен маектешүү учурунда аларга ыраазычылыгын билдирип, чоңойгондо ата, апасындай милиция кызматкери болорун айтып берди. "Келечекте атамдай, апамдай Мекениме кызмат кылган милиция кызматкери болсом деп кыялданам. Азыр бешинчи класста окуйм. Чоңойсом көп милицияны башкарган генерал болом", - дейт кичинекей Жумадил.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4932