Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал
RU

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саат 11:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

"Түн тынч өтүп, чыр-чатак катталган жок. Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында жайгашкан УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат", - деп жазылат маалыматта.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4934