Кыргызстандык ырчы "Голос" долбоорунун финалына чыкты. Видео
RU

Кыргызстандык ырчы "Голос" долбоорунун финалына чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиянын "Голос" теледолбоорунун финалына чыкты. Анын катышуусундагы көрсөтүү шоунун YouTube-каналына жүктөлдү.

Александр "Черный ворон" чыгармасын аткарган. Бул ырдын көптөгөн варианттары бар. Алгачкы ирет XIX кылымда аткарылган. 1934-жылы ыр "Чапаев" тасмасында Гавриил Поповдун аткарыуусунад жаңырган.

Белгилей кетсек, жарым финал 24-декабрда көрсөтүлгөн. Анын жыйынтыгы менен финалга Александр Волкодав өткөн.

Көрүүүлөр анын атаандашы Юлия Кошкинага көбүрөок добуш берип, ал 51,6% чогултса, Волкодав - 48,4% топтогон. Бирок Пелагея добуштардын 60%ын Александрга берген. Ошону менен ал долбоорго катышуусун улантты.

Сахнадан чыккандан кийин интервью берип жатып Александр кырдаалдын өзгөрүүсү ал үчун күтүүсүз болгонун жана коштошуу сөзүн даярдап жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4935