Мадумаров: "Ысык-Көл" мейманканасынын жерин кытай инвесторлоруна убада кылып коюшкан
RU

Мадумаров: "Ысык-Көл" мейманканасынын жерин кытай инвесторлоруна убада кылып коюшкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулуп жатканына байланыштуу видеокайрылуу жасады. Ал мейманкананын бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айткан.

"Кеп "Ысык-Көл" конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң жер бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болуш керек. Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый-архитектуралык, маданий имарат болушу керек эле. Аны ким чыгарды ал тизмеден, эмне үчун чыгарды? Бул чоң маселе. Ушунчалык кургусу келип колдору кытышып атса, 11 жылдан ашып бараткан, борборубуздун так ортосунда жайгашкан, күйгөн абалда турган башкы прокуратуранын имараты бар. Эмне үчүн ошону курса болбойт? Бүтүн турган нерсени сөзсүз бүлүндүрүш керекпи?", - деген Мадумаров.

Өкмөт мындай билдирүүгө комментарий бере элек.

Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын имараты көп жылдан бери колдонулбай, эскирип, авариялык абалга келгенин, имаратты мындан ары пайдалануу кооптуу жана башкаларга коркунуч туудурарын 24-декабрда кабарлаган. Таратылган расмий маалыматта, мейманкананы кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга кетчү сумма талап кылынары айтылган. Президенттин иш башкармалыгы анын ордуна эмне салынары тууралуу маалымат берген эмес.

2019-жылы "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына карата курулган.

Башкы беттеги сүрөт Айгүл Насирдинованыкы

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4936