"Айыл Банктын" директорлор кеңешин айыл чарба министри жетектейт
RU

"Айыл Банктын" директорлор кеңешин айыл чарба министри жетектейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекетке таандык "Айыл Банктын" директорлор кеңешин айыл чарба министри жетектейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жыйынында төрага Акылбек Жапаров маалымдады.

Анын айтымында, президент мамлекеттик "Айыл Банкын" айыл чарба министри жетектесин деген сунушка макулдугун берди.

"Ошону менен министрде айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө реалдуу механизмдер пайда болот, анын ичинде агрочарбалык техниканы лизингге берүү, айыл чарба өндүрүшчүлөр үчүн жеңилдетилген насыя берүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, региондор боюнча айдоо жерлерди пландаштыру", - деп өз идеясын Акылбек Жапаров түшүндүрдү.

Министрлер кабинетинин башчысы КР агрардык өлкө экенине карабастан агроөндүш сектору төмөнкү деңгээлде экенин белгиледи.

"Бул маселени чечүү үчүн кластердик механизм концепциясы бекитилди. Ага ылайык, мекемелер ишмердүүлүгүнө жараша тогуз негизги кластерге бөлүштүрүлгөн. Анын ичинде өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоочу мекемелер боюнча дагы", - деди ал.

Учурда айыл-чарба министрлигин Аскарбек Джаныбеков жетектейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4939