Акылбек Жапаров Бишкек ТЭЦинде жаңы авариялардын алдын алуунун жолдорун сунуштады (фото)
RU

Акылбек Жапаров Бишкек ТЭЦинде жаңы авариялардын алдын алуунун жолдорун сунуштады (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-декабрда таза суу үзгүлтүккө учураган Бишкек Жылуулук электр борборунун жээктеги насостук станциясында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

"Борбор шаарынын тургундарына жылуулук берүү токтогон жок. Насостук станция тез арада калыбына келтирилди", - деди энергетика министри Доскул Бекмырзаев.

Жапаров мындай көрүнүштөргө жол бербөө үчүн өзгөчө кечинде нөөмөттө турган кызматкерлердин санын көбөйтүү керектигин баса белгиледи.

"Бул жолу ишкананын кызматкерлеринин аракети менен кырдаалды тез арада турукташтырууга мүмкүн болду. Жабдуулар эскирген, аны жаңылоого убакыт келди", - деди министрлер кабинетинин башчысы. Ал эми 2022-жылдын апрелине чейин алмаштырылышы жана жаңыланышы керек болгон жабдуулардын тизмесин даярдоону тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4942