Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду
RU

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков камактан бошотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 27-декабрда анын кардары Равшан Жээнбеков соттун чечими менен Бишкектеги СИЗО-1ден бошотулду.

"Жээнбеков саат 13:30дар чамасында бошотулду", - деди Жоошев.

Эске салсак, өткөн соттук отурумда абактагы Жээнбековдун жактоочусу жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында кармоого болбой турганын, эми тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков бошотулушу керектигин айткан.

Аны өтүнүч төрагалык кылуучу судья Азирет Медеровду канааттандырды.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылындагы окуя боюнча айыпталып, 1-СИЗОдо кармалган. 2020-жылдын октябрындагы окуялардан кийин ал бошотулуп, үй камагында болгон. Бирок, 2021-жылдын 5-августунда үй камагын бузгандыгы үчүн анын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4944