Садыр Жапаров Россияга КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусуна барат
RU

Садыр Жапаров Россияга КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусуна барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Россиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.

Иш-чарага ошондой эле Беларустун президенти Александр Лукашенко, Азербайжан - Илхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан – Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан – Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4945