Жарым миллион сом жана алтындарды уурдоого шектүү үч жигит кармалды
RU

Жарым миллион сом жана алтындарды уурдоого шектүү үч жигит кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери үйлөрдү тоноого шектүү үч адамды кармады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 20-декабрында А.А. атуу жаран Аламудун районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, кол салгандар сейфти ачып, 1 миллион 200 миң сом, 300 миң сомдук алтын буюмдар жана ACER үлгүсүндөгү ноутбугун уурдашкан. Жалпысынан жабырлануучу уурдалган буюмдарын бир жарым миллион сомго баалаган.

Милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин "Уурдоо" берененин негизинде иш козгошту. Сотко чейинки териштирүүлөр башталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 3 адам – 29 жаштагы А.С., 27 жаштагы Б.Б. жана 22 жаштагы Т.М. кармалды.

Алардын үйүнөн буюмдар табылган. Анан дагы кармалган үч адамдын Аламүдүн районунда дагы сегиз уурулук жана Ысык-Көл облусунда үч тоноо фактысына катыштыгы бар экени белгилүү болду.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4951