Садыр Жапаров Санкт-Петербурга жөнөп кетти. Аны ким коштоп барат?
RU

Садыр Жапаров Санкт-Петербурга жөнөп кетти. Аны ким коштоп барат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) учуп кетти.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4955