Майрамдарга байланыштуу Кытай менен чек ара үч күнгө жабылат
RU

Майрамдарга байланыштуу Кытай менен чек ара үч күнгө жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пунктары 2022-жылдын 1-январынан 3-январга чейин транспорт каражаттары үчүн жабык болот.

УКМКнын Чек ара башкармалыгы берген маалыматка ылайык, эки контролдук көзөмөл пункту жаңы жылдык майрамдарды белгилөөгө байланыштуу кытай тараптын демилгеси менен жабылууда.

Өткөрүү пунктары 4-январдан тартып өзгөчо алгортимге ылайык иш алып барат. Анда Кытай тараптан Кыргызстанга чыгып бараткан транспорт каражаттары гана өтө алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4960