Акылбек Жапров 18га айдоо жерин курулушка өткөрүп берди
RU

Акылбек Жапров 18га айдоо жерин курулушка өткөрүп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл аймагында жайгашкан жерлер айыл чарба категориясынан калкты жайгаштыруу категориясына өткөрүлдү. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министрлер кабинетинин маалымат менен камсыздоо бөлүмү билдиргендей, мындай чечим Новопавловка айыл аймагында социалдык объектилерди куруу үчүн берилген.

Белгилүү болгондой, чечим аркылуу 18 га айдоо аянты трансформацияланды.

Чечим Конституциядагы тиешелүү жоболорго ылайык, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн корутундусун эске алуу менен чыгарылды, деп билдирүүдө жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4963