Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына келди
RU

Президент Садыр Жапаров Санкт-Петербург шаарына келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда, иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына келди (Россия Федерациясы). Бул тууралуу президенттин адмнистрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы "Пулково" эл аралык аэропортуна келип конду.

Эске салсак, сапардын алкагында Мамлекет башчысы демилгечиси Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин болгон Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-мамлекет жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4965