"Жалган маалыматар таралууда". Калмаматов абактан кайрылуу жасады
RU

"Жалган маалыматар таралууда". Калмаматов абактан кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Камакта жаткан саясатчы Бактыбек Калмаматов анын атынан жалган билдирүүлөр таратылып жатканы тууралуу кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун адвокаты Мырза-Айым Камчыбекова жарыялады.

Саясатчы анда "бийлик менен сүйлөшүп жатыптыр, Исмаил Исаковго, Ахматбек Келдибековго, Өмүрбек Текебаевге жана Жылдызкан Жолдошевага каршы көрсөтмө берип жатыптыр" деген маалыматтар толугу менен жалган экенин билдирген.

Мыйзамсыз абакта отурганын жана ага карата каралоо жүрүп жатканын белгилеген.

Парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган. Биринчи май райондук соту аны 9-февралга чейин абакта калтырган.

Калмаматов 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда "Манас" эл аралык аэропортунан кармалган.

Адвокат Мырза-Айым Камчыбекованын айтымында, атайын кызмат Калмаматовго Фейсбуктагы "Нур Азиз" аттуу колдонуучу жазган билдирүүлөр боюнча айып коюп жатат.

Бийликти кескин сындап келаткан Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес. Калмаматов 2010-жылы "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен депутат болгон. (МТа)

Маалымат Азаттык үналгысынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4966