Азербайжанда журналисттер жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгышты
RU

Азербайжанда журналисттер жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бакуда эркин жана оппозициялык маалымат каражаттарынын журналисттери "Медиа" тууралуу мыйзам долбооруна каршы акцияга чыгышты. Алар "Басма сөзгө эркиндик!", "Репрессиялык мыйзамга жол жок!" деп ураандарды чакырып жатышты. Жаңы долбоор парламент тарабынан экинчи окууда кабыл алынган. Белгилүү иликтөөчү-журналист Хадижа Исмаилова көз карандысыз маалымат каражаттарынын ишин чектеген нормалар алынмайынча, талкууну токтотууну талап кылды.

Нааразылык акциясына чыккандар сөз болуп жаткан мыйзам куугунтукту күчөтөрүн, мамлекетке журналистика менен ким алектениши керектигин аныктоого кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгилешти.

Полиция журналисттерди курчап алып, плакаттарын тартып алышкан.

Ага чейин журналисттер депутаттарга резолюцияны тапшырууга үлгүрүшкөн. Анда "журналисттердин реестрин түзүү жана башка аракеттер Конституцияны, Европанын сөз эркиндиги конвенциясын бузары" жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4973