"Милдет" Telegram-боту менен юридикалык жардам баардыгы үчүн жеткиликтүү болуп калды
RU

"Милдет" Telegram-боту менен юридикалык жардам баардыгы үчүн жеткиликтүү болуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2020-жылы онлайн юридикалык кызмат көрсөткөн "Милдет"аттуу алгачкы Telegram-бот пайда болгон. Kaktus.media анын негиздөөчүсү, корпоративдик юрист, эки эл аралык мамлекеттик эмес сотто медиация жана арбитраж менен алектенген - Фатима Якупбаева менен Кыргызстан үчүн бул өзгөчө долбоордун мааниси тууралуу маек курду.

- Фатима, виртуалдык кеңешчи түзүү идеясы кайдан келип чыкты? Эмне үчүн мындай муктаждык пайда болду?

- Негизги демилге - юридикалык жардамды баардык эл үчүн жеткиликтүү кылуу болчу. Чындыгында, бүгүнкү күндө ар бир эле кыргызстандык жарандын квалификациялуу адисти жалдап, анын акысына акча төлөөгө шарты боло бербейт. Ал эми "Милдет" алдын ала жазылып, кезек күттүнү талап кылбастан, ылдам жана акысыз негизде кеңеш берет.

- Онлайн кеңешчиге кандай суроолор менен кайрылса болот?

- Алгач биз 10го жакын негизги блокторду иштеп чыктык. Бул алимент өндүрүү, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо, жеке ишкерди каттоо, салык режимдери, жумуштагы талаш-тартыш маселелер жана башкалар боюнча базалык кеңештер болду. Мындан тышкары, бот керектүү документтерди сабаттуу түрдө түзүп жана тариздөөгө жардам берет.

- Анын функционалын кеңейтүү пландары барбы?

- Албетте. БУУӨП колдоосу менен ЕБ жана БУУнун "Жарыктын нуру" биргелешкен демилгесинин алкагында, биз Telegram-боттун жаңыланган версиясын ишке киргиздик. Ага үй-бүлөлүк укуктун суроолору: никени бузуу, мүлктү бөлүштүрүү, аталыкты аныктоо, сот аткаруучунун ишти аткарбай жаткандыгына даттанууну тариздөө маселелери камтылган. Акыркысы айрыкча мурунку күйөөлөрүнөн алимент өндүрө албай жүргөн аялдарга тиешелүү. Тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн кыргызстандык аялдар алимент өндүрүү боюнча соттун чечимин алышат, бирок ал аткарылбай калат. Мындай көйгөйлөрдү чечүүгө эми бот жардам берет. Эми аялдар убактысынын бир нече мүнөтүн коротуп, сапаттуу кеңештерди жана керек болсо сот инстанциясына кайрылуу үчүн арызды ала алышат.

- Ботко кайсы тилдер суроо берип, жооп алууга болот?

- Telegram-бот кыргыз, орус жана кийинки кездерде өзбек тилдеринде кеңеш берүүнү баштады. Эми бул республиканын түштүк аймагындагы аудиторияны кеңейтүүгө шарт түзөт. Биздин юридикалык кеңешчибиз сиздин ишенимдүү жана ыңгайлуу жардамчыңыз болуп калат деп, ишенебиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4979