Путин Навальныйдын хан сарай тууралуу иликтөөсүнө алгачкы жолу комментарий берди
RU

Путин Навальныйдын хан сарай тууралуу иликтөөсүнө алгачкы жолу комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин оппозиционер Алексей Навальныйдын "Путиндин хан сарайы" деген тасмасына комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Силердин сурооңорго дароо жооп берейин. Ал жакта айтылгандардын эч нерсеси мага да, менин жакындарыма да тиешелүү эмес, тиешелүү болгон эмес дагы. Эч качан", - деп Путин россиялык жождордун студенттери менен болгон онлайн-жолугушуу учурунда айтты.

Анын айтымында, тасманын өзүн көрө элек, себеби бош убактысы жок, бирок жардамчылары чогултуп берген видео үзүндүлөрүнө көз чаптырган. Путиндин пикири боюнча, хан сарайлар тууралуу имиштер менен россиялыктардын башын айландыргысы келген.

"Бул маалымат он жылдан ашык убакыттан бери талкууланып келет. Анын үстүнө азыр абдан ыңгайлуу учуру болуп турат. Бардыгын чогултуп, ошол материалдар менен биздин жарадарыбыздын баштарын айланткысы бар. Анан ошол тасмаларды, видеопрограммаларды Интернетке чыгарып жиберишти", - деди Россиянын президенти.

Путин Навальныйдын иликтөөсүн монтаж жана компиляция деп атады. "Мына менин батерфляй стилинде сууда сүзгөнүмдү жайгаштырып коюшуптур. Мен эптеп-септесем да кээде ошентип сүзгөндү жактырам. Кайсыдыр бир бассейнде мен ошентип сүзгөн экенмин. Ал эмне болгон бассейн экенин да билбейм. Бирок ошентип сүзүптүрмүн. Качан жана кайсы жерден? 2016-жылы Енисейде. Демек, бул жөн гана монтаж жана компиляция. Кинодогу бир каармандын тили менен айта турган болсок: зеригип кеттим кыздар. Дагы бир нерсе ойлоп тапкылачы", - деди ал.

Ошондой эле Путин "Бизнес мени эч качан кызыктырган эмес. Ал нерсе меники эмес", - деп кошумчалаган.

Эске салсак, Навальныйдын иликтөөсү 19-январда жарыяланган. Анда аянты боюнча 39 Монако хандыгына тете келген Краснодардагы Путиндин хан сарайы тууралуу айтылган. Материалда долбоорду мамлекеттик корпорациялар каржылаган коррупциялык схема келтирилет.

Кийинчерээк Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Алексей Навальныйдын тасмасын катардагы "информатика" жана "псевдоиликтөө" деп атаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/497