"Жөрмөлөп, өрмөлөп, чыканак тиштеп калбагыла". Мадумаров депутаттарга кайрылды.
RU

"Жөрмөлөп, өрмөлөп, чыканак тиштеп калбагыла". Мадумаров депутаттарга кайрылды.

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

12 жылдан бери биринчи жолу Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Адахан Мадумаров Ак үйдүн босогосун аттады. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-декабрда парламент жыйынында билдирди.

"Жогорку Кеңешке ким кандай милдет менен келгенин жана эмне убадалары бар экенин билебиз. Баары эл үчүн иштөөгө даярбыз деп келишти. Бирок, шайлоодон кийин ким эмне кылып жатканын, кайсы жерде жыйналып жатат, ким жыйнап жатат, эмне максатта, баасы канча турарын билебиз. Мен I, II чакырылыштарда депутат болуп турганда дал сиздердей депутаттар отурушкан. Мен калемди көрсөтсөм бул кашык деп добуш бересиңер аны билем дейт элем. Анткени Жогорку Кеңеш ошондой кызмат кылат болчу. Парламент тур десе туруп, отур десе отургандардан болчу. Сабаттуларджы угушчу эмес. Бийликтин буйругуна куп деп отурушчу. Бирок бизде бир эле башкаруучу болушу керек - ал бизди шайлаган эл", - деди Мадумаров.

12 жыл мурун мен Жогорку Кеңештен кеткем. Протест катарында чыгып кеткенбиз.Бүгүн парламенттин босогосун биринчи жолу аттадым. Ашканага түшүп, ыйлагым келди. Республиканын эң алыскы аймактагы ооруканасы да мындай тамак-ашты даярдабайт.

"Бүгүн биз мыйзамды, Конституцияны бузбай, эл үчүн иштейбиз деп ант бердик. Анан эмнеден баштадык? Мыйзам бузуу менен! Мындай улана берсе, аягы эмне болот. Мен эски туруктуу жана тартиптүү Жогорку Кеңешти көргүм келет. Өз баркын билишин каалайм. Президенттик администрациянын референти чакырганда депутаттардын шашып, жаш баладай көзүн карап, документтерин алып келишин каалабайм. Биз эл үчүн кызмат кылабыз! Айтканыбыз башка, кылганыбыз башка. Ошондуктан биз өнүкпөйбүз, ошондуктан өлкөбүз обочолонуп, коңшу өлкөлөр теңине албайт",- деди депутат.

120 депутат оозуна талкан салгандай унчукпай отурушту. Конституция өзгөртүлүп, бузулуп жатканда да, эч ким сөз кылган эмес. Кийин чыканагыңды тиштеп албаш үчүн, жөрмөлөбөгүлө, өрмөлөбөгүлө. Мен Жогорку Кеңеш өзүнүн принциптерин карманган, сөзүнө жооп берген, мыйзамдарды аткарган чыныгы элдик парламент болушун каалайм.

Сөзүнүн аягында Мадумаров кесиптештерине ийгиликтерди каалап, беш жылдык мөөнөт тез учарын эске салды.

Эске сала кетсек, спикерликке "Ынтымак" фракциясы тарабынан сунушталган Талант Мамытов да умтулууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4987