Мурунку спикер Дастан Джумабеков казино бизнесин кайра жанданыдрууну сунуштады
RU

Мурунку спикер Дастан Джумабеков казино бизнесин кайра жанданыдрууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Джумабеков ("Кыргызстан") жана Бактыбек Турусбеков ("Бир Бол") Кыргызстандагы казинолордун жана букмекер конторалардын ишин кайра жандандыруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жатышат. Мыйзамдын долбоору парламенттин сайтына жарыяланды.

Депутаттардын пикири боюнча, кумар оюндарына тыюу салуу мамлекеттин бюджетине жыл сайын түшө турган 600млн сом акчадан жана 11 миң жумуш орундарынан кур калтырды.

Эмне сунушталууда?

Авторлордун айтымында, бул нерсе инвесторлорду кызыктырат. Атайын административдик өз алдынча район түзүү керек.

Мында көңүл ачуучу комплекстердин кызматы атайын бөлүнгөн жана жабык территорияда чет өлкөлүк жарандар үчүн гана сунушталат.

Атайын территория боюнча долбоор Россия, Казахстан, Сингапур, АКШ, Монако сыяктуу өлкөлөрдүн жана Кытайдын Макао автономиялуу аймагынын тиешелүү тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыкты.

Бул мыйзам долбоорлор негативдүү социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Кыргызстанда 2012-жылдан бери казинонун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган, ал эми букмекер контораларына 2015-жылдан бери.

Бирок 2015-жылы чиновниктер "Манас" аэропортунун аймагында чет өлкөлүктөр үчүн атайын казино зонасын ачууну сунушташкан.

Бирок бул ойдон баш тартышкан.

Ушундай эле демилге менен 2020-жылдын март айында Кубанычбек Нурматов чыккан. Нурматов Ысык-Көл жана Баткен облустарында чет өлкөлүктөр үчүн гана казино ачууну сунуштаган.

"Кыргызстандыктарды өзүнүн мекемесине киргизген казиного 50-100 миң АКШ долларлык айып пул салуу керек", - деп айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/498