Аялын сабап өлтүрдү делип шектелген милиция кызматкери камакка алынды
RU

Аялын сабап өлтүрдү делип шектелген милиция кызматкери камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аялын өлтүрүүгө шектелип, Талас ОИИБнин ИИБнын кызматкери убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Талас облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, кечээ, 29-декабрда саат 10:40 чамасында Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен 1992-жылы туулган аялдын жансыз денеси табылган. Денеде уур-токмоктун издери калган.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен катталган. Кылмышка шектелип 1988-жылы туулган Ж.А., атту Талас ОИИБнин жол кайгуул кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда текшерүү жүрүп жатат, иштин бардык жагдайлары такталууда, бардык керектүү экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4996