АКШда бир күндө 500 миңден ашуун адам коронавирус жуктурду
RU

АКШда бир күндө 500 миңден ашуун адам коронавирус жуктурду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кошмо Штаттарда дээрлик эки жылдан берки коронавирустун эң чоң көрсөткүчү катталды. The New York Times гезитинин маалыматы боюнча, өткөн шаршембиде өлкөдө коронавирус инфекциясы 488 миңден ашуун адамга жуккан.

Worldometers порталынын маалыматтарына ылайык, бейшемби күнү бул көрсөткүч андан да жогору - 500 миң адамдан ашкан. Эксперттер мындай кескин өсүштү "омикрон" штаммынын тез таралышы менен байланыштырууда.

Ушундай эле көрүнүш Батыш Европанын бир катар өлкөлөрүндө да байкалат. Тактап айтканда, калкы АКШга караганда болжол менен алты эсе аз Улуу Британияда соңку суткада 200 миңге жакын адам, Францияда 200 миңден ашуун адамдан вирустун белгилери тастыкталган.

Ошол эле учурда дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө былтыр кышында киргизилген катаал карантиндик чектөөлөр жок.

"Омикрон" штаммы биринчи жолу бир ай мурун Түштүк Африкада табылып, бирок эксперттердин айтымында, инфекциянын толкуну бир аз басаңдап, өлүмдүн көрсөткүчү өтө деле көбөйгөн эмес.

Дүйнө жүзү боюнча күнүнө бир миллиондон ашуун адамдан коронавирус инфекциясы аныкталууда. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Ошол эле учурда Европанын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Орусияда да илдетке чалдыккандардын жана андан каза болгондордун саны акырындык менен азайып жатканы айтылды. Орус бийлиги 2022-жылдын январь-февраль айларында илдеттин кескин жайылуусун алдын алууга даярданууда. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги Кремлге жакын булакка таянып билдирди.

31-декабрда Кытай Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна белгисиз пневмониянын чыгышы тууралуу расмий кабарлаганына эки жыл толду. Көп өтпөй ооруну пайда кылган, мурда белгисиз коронавирус аныкталган.

Дүйнө жүзү боюнча пандемия 5 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө дээрлик 300 миллион адам инфекция жуктуруп алган.

Булак: Азаттык үналгысы

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5008