Президенттин кеңешчиси Садыр Жапаровдун каза болгон уулун эскерди
RU

Президенттин кеңешчиси Садыр Жапаровдун каза болгон уулун эскерди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Адинай Марипова Instagram баракчасына пост жарыялап, өлкө башчысынын улуу баласы Дастан Садыр уулун эскерди.

"31-декабрь дегенде эң биринчи сени эстейм, досум. Себеби, биз таанышкан 2012-жылдан бери жыл сайын Жаңы Жылың менен атамдын жана үй-бүлөбүздүн атынан куттуктайбыз деп шампан, таттууларды алып, сөзсүз үйгө келип кетчүсүң. Бир жолу дагы унутуп калган эмессиң.

"За преданность большое спасибо, Ади!" деп ар сөзүңдө ыраазычылыгыңды билдирчүсүң.

Бир жылы түнкү 23:00до келип, пробкада үйгө жетпей калып, сени куттуктайм деп Жаңы Жылды жолдо тосуп калдым деп күлгөн элең.

Нургожоевичтин чет өлкөдөн, абактан телефон аркылуу берген тапшырмаларын бул жактан экөөбүз чогуу аткарчубуз. Качан кайрылбайын, "Макул, шеф", "Ок, шеф" деп тамашалап калчусуң.

Садыр уулу Дастанга багыштап куран окуп калабыз деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Сенин ордуң толгус, Дастик! Сен эң мыкты уул элең. Сен атаңа дагы көп жардам беришиң керек эле. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот дегенге сенин көзүң өткөндөн кийин ишендим. Сендей элпек, жароокер, боорукер адам дагы жашашы керек эле. Эх. Бейишиң болсун, досум. Биз сени унутпайбыз!" - деп Марипова жазган.

Эске салсак, Садыр Жапаровдун улуу баласы Дастан Садыр уулу 2019-жылы авариядан алган жаракаттарынан кийин каза болуп калган. 22-августта ал мотоцикл минип Бишкектеги 7-апрель көчөсү менен бараткан. Дастан 27 жашта болчу. Бул учуржа камакта отурган Садыр Жапаров уулу менен коштошуу зыйнатына катышууга уруксат алган.

Президенттин кеңешчиси

Адинай Марипова - "Бишкек" эркин экономикалык аймактын директору Кудрет Тайчабаровдун бир тууган карындашы. 2021-жылдын 23-апрелинде Президенттин кеңешчиси болуп дайындалган.

2020-жылы Марипова "Мекенчил" партиясынан парламенттик шайлоого катышкан. Бул партияны Садыр Жапаров жана анын тарапташы, учурда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев негиздеген.

Шайлоого чейин Марипова депутат Урмат Самаевдин консультанты болуп иштеген.

Андан тышкары Марипова Жапаровдун пррезиденттик шайлоодо үгүт кампаниясында эмгектенди. Ал эми 11-апрелде, жергиликтүү кеңештерге шайлоо болгондой, "Ата Журт Кыргызстан" партиясына колдогон.

Быйылкы парламенттик шайлоодо Адинай Марипова "Ынтымак" партиясынан шайлоого аттанган. 776 добуш топтоп, бирок парламентке өтө алган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5012