Казакстан нааразылык акцияларынан улам Россиядан жардам сураган жок
RU

Казакстан нааразылык акцияларынан улам Россиядан жардам сураган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстан Россиядан жардам сурадыбы деген суроого жок жооп берди, деп билдирет РИА Новости.

"Жок. Биз казак досторубуз өздөрүнүн ички көйгөйлөрүн өз алдынча чече аларына ишенебиз", - деди агенттиктин маектеши.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да Казакстандагы кырдаалдын күчөшүнө кылдат байкоо салып жатканын жана диалог аркылуу кырдаалды жөнгө салууга чакырганын билдирди. Ведомство ошондой эле Казакстандын президенти Токаевдин аракеттерин колдоду. Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн айланасында абал тынч, жабыркагандардын арасында Россиялыктар жок.

Эске сала кетсек, Казакстандын бир катар облустарында баш аламандыктын натыйжасында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5054