Акылбек Жапаров Казакстанга ЖККУнун алкагында жардам берүүгө даяр экендигин билдирди
RU

Акылбек Жапаров Казакстанга ЖККУнун алкагында жардам берүүгө даяр экендигин билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 6-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин чукул жыйынын өткөрдү.

Басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда чыңалуунун курчушуна жана Казакстандын бардык аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу түзүлгөн өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Акылбек Жапаров мамлекет башчысынын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кеңешинин чечимине ылайык (ЖККУ), Кыргыз Республикасы боордош Казакстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана зарыл болгон учурда союздук милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигин билдирди.

Түштөн кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүү чечими кабыл алынды. Баяндамачы болуп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев дайындалды. Ага ошондой эле Казакстандагы окуяларга чара көрүү боюнча өкмөттүк штабдын оперативдүү жетекчилиги милдети жүктөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5058