ЖККУ Казакстанга тынчтык күчтөрүн жөнөттү
RU

ЖККУ Казакстанга тынчтык күчтөрүн жөнөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Казакстанда тынчтык орнотуу миссиясы башталганын расмий жарыялады, деп жазат "Коммерсант".

Контингенттин курамына Орусия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын аскер кызматкерлери кирген. Аба-десанттык бөлүктөр Орусиядан жөнөтүлөт. ЖККУ күчтөрүнүн милдеттери мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, укук тартибин сактоочу күчтөргө көмөк көрсөтүү болот.

"Учурда Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн аскердик-транспорттук авиациясынын учактары менен тынчтык орнотуу контингентинин россиялык бөлүгү Казакстан Республикасынын аймагына өткөрүлүп берилүүдө. Анын курамындагы алдыңкы бөлүкчөлөр коюлган тапшырмаларды аткарууга киришти", - деп билдирди уюмдун катчылыгы.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5059