Бишкекте активисттер Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы митингге чыгышты
RU

Бишкекте активисттер Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖККУ күчтөрүнүн курамындагы Кыргызстандын аскер кызматкерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы болгон активисттер Жогорку Кеңештин имаратына чогулушту, деп билдирет Kaktus.media редакциясынын кабарчысы.

Буга чейин ЖККУ өлкөлөрүнүн тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстанга киргизүүгө каршы петиция пайда болгон. Анда ЖККУнун лидерлерине: Россиянын, Беларустун, Армениянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттерине кайрылып, Токаевдин өтүнүчүн четке кагуу жана казакстандык жарандардын нааразылыгын басуу үчүн биздин аскерлердин Казакстандын аймагына киришине жол бербөө талабы коюлган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5061