Башы кесилип, каза болгондор... Казакстанда азыр эмне болуп жатат?
RU

Башы кесилип, каза болгондор... Казакстанда азыр эмне болуп жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан бийлиги массалык нааразылык акцияларын чет өлкөдөн даярдалган бандиттик түзүмдөрдүн басып алуусу катары түшүндүрдү. Президент Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сурады.

15:12

Саат 15:00дө 13 коопсуздук кызматкеринин өлтүрүлгөнү белгилүү болду. Экөөнүн башы кесилген.

Комендатуранын маалыматы боюнча, Алматынын коопсуздук кызматкерлеринде каза болгондордун саны он үчкө жетти, алардын экөөнүн башы кесилген абалда табылган.

15:11

Казакстандын аймактарында

Кызылордада милиция баш аламандык уюштуруу аракетин токтотту

15:10

Алматы, Актау жана Актөбө аэропорттору ишин токтотту

Аэрофлот Алматы, Нур-Султан жана Актау шаарларына кечки каттамдарды токтотту.

15:07

Түрк мамлекеттери уюму Казакстанды колдоду

Түрк мамлекеттери уюму Казакстан боюнча билдирүү таратты: "Биз Казакстандын өкмөтү менен элине керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз",-дешкен

14:58

Кыргызстандык аскерлер Казакстандагы митингчилерге каршы чыкпайт

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев: "Жогорку Кеңеш жактырса, Кыргызстандын аскер кызматкерлери ЖККУнун уставына ылайык, жамааттык күчтөрдүн курамында Казакстанга жалаң тынчтык орнотуу иштерин жүргүзүү үчүн гана жөнөтүлөт. Кыргызстандык тынчтык аскерлери стратегиялык объектилерди коргоону камсыз кылууга тартылат. Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстандагы акциялардын катышуучулары менен эч кандай аракеттерге катышпайт.

14:32

Алматыдагы кагылышууда 12 укук коргоо кызматкери набыт болуп, 353ү жарадар болгон. Табылган сөөктөрдүн биринин башы кесилгенин "Хабар 24" кабарлады. Ал эркек кишиге таандык.

14:05

Алматыда демонстранттар эки шаардык оорукананы курчоого алышты

Vlast интернет журналы шаардын комендатурасына таянып, 7-оорукананын аймагында полиция менен кагылышуу болуп жатканын жазды. Алар бейтаптарды жана дарыгерлерди ал жакка киргизбей жатышат, деп билдирет "Хабар 24" мамлекеттик телеканалы

13:33

Алматыдагы Республика аянтында бандиттер кайрадан чогулушту

Ал жерде азыр 200-250дөй адам бар, деп жазат Sputnik Казакстан. Аларды акырындык менен аянтка алып чыгууда.

Азырынча милиция жана аскер кызматкерлери жок.

13:20

ЖККУ расмий түрдө Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөттү

Алардын милдети мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо жана Казакстандын күч түзүмдөрүнө жардам берүү болмокчу.

Аба десанттык бөлүктөр Россиядан Казакстанга жөнөтүлгөн.

13:19

Казакстандагы нааразылык акцияларында 1000ден ашуун адам жаракат алды

Алардын 400ү ооруканага жаткырылган.

12:57

Таразда "Нур Отан" партиясынын филиалы толугу менен күйүп кетти

"Спутник Казакстан" кабарчысынын маалыматына караганда, түн ичинде шаардын борбордук аянтына миңден ашуун митингчилер чыкты. Полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонулган

Тополоңдо дагы бир административдик имарат – облустук акимчилик да жабыркаган. Үстүнкү кабаттарда түтүн көрүнүп турат.

12:53

Казакстандагы баш аламандык үчүн күнөөлүүлөр жоопко тартылат

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Казакстандагы окуялардын себептерин аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө тобун түзүүнү тапшырды, деп билдирет РИА Новости.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5065