Казакстанга кайсы өлкө, канча аскер жиберери маалымдалды
RU

Казакстанга кайсы өлкө, канча аскер жиберери маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин Армения, Беларус жана Тажикстан Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөтөрүн билдиришкен. Армения 70 аскер жиберет. Тажикстан ЖККУнун тынчтык күчтөрүнүн курамындагы 200 жоокерин жөнөтөт. Ошондой эле Казакстанга белорус аскерлери да келери жарыяланды. Расмий тастыктоону талап кылган маалыматтарга караганда, Россия 3 миң аскерин жиберет.

Кыргызстан Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү үчүн парламенттин макулдугу керек. Бирок Жогорку Кеңеш бүгүн кворум топтой алган жок. Жыйын эртең саат 14:00гө жылдырылды.

Ага карабай президенттик администрация эгер ЖК тарабынан бекитилсе, кыргыз аскерлери объекттерди кайтара турганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5067