15:00дон 17:36га чейинки абал. Казакстандагы нааразычылык акциялары тынчтандыбы?
RU

15:00дон 17:36га чейинки абал. Казакстандагы нааразычылык акциялары тынчтандыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандагы нааразычылык акцияларынын 15:00дон 17:36га чейинки абалы.

17:36

ЖМК: Алматыда көчөлөрдү тазалоо иштери башталды

Ички иштер министрлиги Алматыдагы милиция бөлүмүнүн айланасында камакка алуулар башталганын билдирди.

17:19

Евробиримдиктин өкүлү Казакстандын бийлигинин ЖККУга кайрылуусуна комментарий берди

"Европа Биримдиги казак бийлигинин ЖККУга жардам сурап кайрылуу чечимин эске алды", - деп жазат РИА Новости Евробиримдиктин өкүлү.

16:59

Казакстан нааразылык акцияларына байланыштуу чет элдик жарандардын өлкөгө кирүүсүн токтотту

16:53

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ЖККУнун бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү боюнча билдирүү жасады

"Россия Федерациясы ЖККУнун алкагындагы союздаштык милдеттенмелерин сактай турганын ырастап, Казакстандагы ички саясий кырдаалдын тез начарлашына жана зомбулуктун күчөшүнө байланыштуу чукул чараларды көрүүнү колдоду", - деп айтылат билдирүүдө.

16:47

Бизнеске келтирилген зыянды эсептеп жатышат. Алдын ала 6 миллион доллардан ашат

Соода тармактар ​​союзунун маалыматы боюнча, Казакстандагы соода түйүндөрүнүн так зыянын аныктоо азырынча кыйын. Алдын ала маалыматтар төмөнкүдөй:

  • Magnum, LLP Magnum Cash & Carry - бардыгы болуп 23 дүкөн зыянга учураган, 12си тонолгон, 11и жабыркаган. Алдын ала келтирилген зыяндын жалпы көлөмү болжол менен 8,5 миллиард теңгени түзөт (КНС менен 10 миллиард теңге).
  • "Технодом", "Технодом Оператор" ТОО - Алматы жана Талдыкорган шаарларындагы 14 магазин жапа чеккен. Келтирилген зыяндын көлөмү 5,5 миллиард теңге деп бааланууда.
  • Sulpak, TOO Arena S - 5,14 млрд теңге, Алматыдагы 11 дүкөн жабыркаган.
  • ТОО Gulser Computers, Alser - 1 миллиард теңге зыян, Алматыдагы жети дүкөн жабыркаган.
  • "Спортмастер" жана "Остин" соода тармактары - Орал, Алматы, Шымкент шаарларында 20-25 магазин жапа чеккен. Келтирилген зыяндын көлөмү 3 миллиард теңгеге бааланууда.
  • Mon Amie - Алматыдагы сегиз дүкөн жабыркаган.
  • "Интертоп", "Эврика" - 50 миллион теңге чегинде зыян. Алсер - 1,5 миллиард теңге.
  • K&K GmbH, Kimex/Gracie LLP - Алматыдагы 11 дүкөн, 1 млрд теңгеге зыян келтирилген.

16:39

Лукашенко Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады

Митингчилерге кайрылгым келет. Бул иш алыска улай электе бир бүтүмгө келиш керек. Президент Токаев менен келишим түзсө болот. Ал кадимки адам, дипломат. Казакстандыктар мындан башка мамлекет болбой турганын түшүнүшсүн. Эгер мамлекетти төңкөрүп салышса, аны калыбына келтирүү кымбатка турат. Кландардын, топтордун ортосунда карама-каршылык бар. Бирок, бир бүтүмгө келиши абзел. Мындай абалда, элдик сөз менен айтканда, чөгөлөп, аскерлерден кечирим суроо туура. Өз мамлекетин курууну каалагандар Токаев менен биргеликте, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө жакшы болмок. Биз үчүн да сабак болду. Ушундай болуп кетиши мүмкүн экенин билдик. Кеп биз ынтымактуу белорустар экендигибизде эмес. Беларусияда маселелерди белорустар чепей да калышы мүмкүн", -деди Лукашенко.

16:37

Коопсуздук күчтөрүнүн арасында курман болгондордун саны 14кө жетти

Алматыда үчүнчү башы кесилген коопсуздук кызматкеринин сөөгү табылганын "НЕКХАБАР" каналы билдирди.

16:29

Аэрофлоттон кийин S7 да каттамдарын токтотту

S7 авиакомпаниясы 23-январга чейин Казакстанга өзүнүн жана Air Astana менен биргелешкен каттамдарына билеттерди сатууну токтотту.

16:29

Кызылордадагы нааразылык акциясында 14 адам каза болгонун маалымат каражаттары жазып чыгышты.

16:28

Тажикстан менен Беларусия Казакстанга аскер жөнөтөт

Тажикстан ЖККУ аркылуу 200 аскер кызматкерин жөнөтөт. ЖККУ беларустардын Казакстандагы тынчтык күчтөрүнө катышуусун тастыктады. Ал жакка Ички иштер министрлигинин атайын күчтөрүнүн бөлүктөрү да жөнөтүлүшү мүмкүн.

16:10

Казакстандын борборунда күч түзүмдөрү күчөтүлгөн режимге өткөрүлдү

Нур-Султан шаарында деструктивдүү күчтөрдүн чакырыктары байкалып жатканын аким Алтай Көлгинов билдирди. Бирок, фактылар укук коргоо органдары менен дал келбей жатат.

Шаарда тартипти орнотуу жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыкчам штаб түзүлдү.

16:02

Коргоо министри кыргыз аскерлеринин Казакстандагы миссиясына даярдыгы тууралуу айтып берди

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов : "Мындай иштер боюнча ЖККУда атайын бөлүмдөр каралган. Кыргызстандан барчу аскер кызматкерлеринин санын Жогорку Кеңеш аныктайт. Парламенттин чечими чыккандан кийин президенттин жарлыгы болушу керек. Бул боюнча ЖККУда атайын бөлүмдөр каралат.

Кандай бөлүнүштөр экенин айткан жок. Болгону, "каалаган учурда кете алышат, дайыма күжүрмөн даярдыкта" деп кошумчалады.

15:43

ЖККУнун Казакстандагы операциясы бир айга созулушу мүмкүн

"Менин оюмча, абалдын нормалдашын эске алуу менен бул иш бир айдын ичинде ишке ашат", - деп билдирди Интерфакс агенттигине Россиянын Мамлекеттик Думасынын коргоо комитетинин төрагасынын орун басары Юрий Швыткин. Ал "аскердик-транспорттук авиациянын самолеттору коноор замат алар тийиштуу багыттарга дароо марш жасашат" деп эсептейт.

15:25

Армения 70 аскер жиберсе, Белоруссия дагы жиберет

ЖККУ Беларус армиясынын Казакстандагы тынчтык күчтөрүнө катышуусун ырастады. Армения Казакстанга 70тей аскерин жөнөткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5069