Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтөт. Бул расмий
RU

Кыргызстан Казакстанга аскер жөнөтөт. Бул расмий

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттин жетинчи чакырылышы ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө макул болду. Кезексиз жыйынга катышкан депутаттардын 69у макул болсо, 7 депутат каршы болду.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 55 макул, 11 каршы болгон. Демек, добуш берүү өткөн жок, анткени колдоо үчүн 61 добуш керек. Андан соң маселе дагы бир жолу добушка коюлуп, жыйынтыгында 69 макул, 7 депутат каршы болду.

Бул иш-чаралардын алкагында Кыргызстан Казакстанга 150 адам, 8 бронетехника жана 11 техника жөнөтүүдө.

Кыргыз бийликтери биздин аскерлер стратегиялык объектилерди коргоо менен гана алек болуп, митингчилерди таркатпайт деп ишендирүүдө.

Эске салсак, Казакстан аймагына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтык күчтөрүнүн алгачкы россиялык бөлүктөрү келген. Анда укук коргоо кызматкерлери менен митингчилердин кагылышы бешинчи күндөн бери уланууда. ЖМКнын маалыматына караганда, ЖККУнун күчтөрүнө Россиянын Аскердик-аба-десанттык күчтөрүнүн атайын багыттагы 45-өзүнчө бригадасынын бөлүктөрү, Аба-десанттык күчтөрүнүн Иваново жана Ульяновск түзүмдөрү жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5073