"Пиардын убактысы эмес". Депутаттар менен Ташиевдин ортосунда келишпестик болду (видео)
RU

"Пиардын убактысы эмес". Депутаттар менен Ташиевдин ортосунда келишпестик болду (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеште ЖККУнун алкагында Казакстанга аскерлерди жөнөтүү боюнча парламенттин 7-чакырылышынын кезексиз жыйыны өттү.

Жыйындын алгачкы бир жарым сааты ачык форматта өтүп, бирок депутаттар менен УКМКнын башчысынын ортосундагы оозеки жаңжалдан улам жыйынды жабык форматта өткөрүү чечими кабыл алынды.

Негизги талаш депутат Нуржигит Кадырбеков менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин ортосунда чыкты. Кадырбеков адам каны төгүлсө жооп берүүгө даяр эмес экенин билдирди.

Ташиев өз кезегинде азыр пиардын учуру эмес деп жооп берди.

"Ачык айтам. Азыр кыргыз-казак чек арасында эки өткөрмө бекет жабылды. Товар үчүн дагы, эл үчүн дагы. Эртең эмне үчүн өлкөдө ун жок экенине элге жооп бересиңерби? Тамак-аш, майлоочу майлардын баасы көтөрүлөт. Бизге керек. Элди ойлойлу. Биз бул жакка силерден уруксат алалыдеп келдик. Өзүбүз чече албайбыз. Өзүбүздү эмес, элди ойлоп жатабыз",- деди Ташиев.

Ташиевдин айтымында, чек аралардын жабылышынан улам кырдаал курчушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5075