Депутаттардын кимиси аскерлерди Казакстанга жөнөтүүгө каршы добуш бергени белгилүү болду
RU

Депутаттардын кимиси аскерлерди Казакстанга жөнөтүүгө каршы добуш бергени белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ЖККУнун алкагында кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө Жогорку Кеңештин кайсы депутаттары каршы добуш бергенин Kaktus.media редакциясына маалымат булагы билдирди.

Булар төмөнкү депутаттар:

  • Нуржигит Кадырбеков ("Ыйман Нуру"),
  • Дастан Бекешев (бир мандаттуу),
  • Исхак Масалиев ("Бүтүн Кыргызстан"),
  • Эрулан Кокулов ("Ынтымак"),
  • Динара Ашимова ("Ыйман Нуру"),
  • Султанбай Айжигитов ("Ыйман Нуру")
  • Сеидбек Атамбаев (бир мандаттуу).

Калган депутаттар (алардын 69у) макул, айрымдары калыс добуш беришти. Булак ошондой эле жыйынга айрым депутаттар катышпай калганын, бирок алардын жардамчылары же башка депутаттар акыры аларга добуш беришкенин (телефон менен сүйлөшкөндөн кийин) кошумчалады.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев айткандай, биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 55 макул, 11 каршы добуш менен өткөн жок, анткени колдоо үчүн 61 депутат добуш бериши керек. Кийин бул маселе дагы бир жолу добушка коюлуп, жыйынтыгында 69 макул, жетөө каршы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5076