"Дождь" телеканалы: Кыргызстандын десанттык күчтөрү Алматынын борборунда жайгашкан
RU

"Дождь" телеканалы: Кыргызстандын десанттык күчтөрү Алматынын борборунда жайгашкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дождь" телеканалы өз кабарчысына шилтеме жасап, Алматынын борборунда Кыргызстандын десанттык-чабуучу күчтөрү турганын билдирди. Журналисттер кайсы объектти кайтарып жатканын такташкан жок . Андан башка маалымат да жок.

"Шаардын борборунда Кыргызстандын десанттык күчтөрү жайгашкан. Көчөлөрдө күйүп кеткен жарандык да, аскер да унаалар көп. Журналист чет жакта жашагандардын тамак-аш сатып ала турган жери жок экенин, бир гана жолу тамак-аш табуу үчүн – талап-тоноо гана керек", - деп жазат басылма.

Эске сала кетсек, кыргыз парламенти Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүүнү үч саат мурун гана жактырган. Тынчтыкты сактоо операциясынын алкагында Кыргызстандан "Скорпион" атайын бөлүгүнүн 150 аскер кызматкери, сегиз бронетехника жана 11 техника жөнөтүлдү. Күч блогунун өкүлдөрү кыргыз аскерлери стратегиялык объектилерди коргоо менен алек болоорун айтышты.

Белгилей кетсек, бул маалымат азырынча тастыктала элек. Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5078