"Митингчилерди колдоого келген". Казакстанда "Кримтөбөл" аталган "Дикий Арман" кармалды
RU

"Митингчилерди колдоого келген". Казакстанда "Кримтөбөл" аталган "Дикий Арман" кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда "Кримтөбөл" аталган, "Дикий Арман" каймана аты менен таанымал Арман Жумагелдиев кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгиленгендей, ал митингчилерди колдоо үчүн Казакстанга учуп барганы айтылат. Бирок, алар менен болгон кагылышууда ал сабалып, зомбулукту токтотууга чакыра баштаган.

Буга чейин Жумагелдиев мародерлорду сындап, митингчилерди тынчтык митингине чыгууга чакырган. Ал башаламандыкты токтотуу талабы менен талап-тоноочуларга кайрылып, тынчтык митингдер форматына кошулууга чакырды.

"Митингге элим, жерим үчүн келдим... Ким экениң маанилүү эмес! Биз казак болгонубуз маанилүү! Биз биргелешип укугубузду коргоп, бир пикирге келишибиз керек", - деген Жумагелдиев.

Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Казакстанда 3811 адам кармалган. Президент Касым-Жомарт Токаев өлкөдө антитеррордук операциялар "согушкерлер толук жок кылынмайынча" жүргүзүлө турганын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5079