WhatsApp 30 миллиондон ашык колдонуучуларын жоготту
RU

WhatsApp 30 миллиондон ашык колдонуучуларын жоготту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы үч жумадан бери WhatsApp 30 миллиондон ашык абоненттерин жоготту. Ошол эле учурда 25 миллион колдонуучу Telegram колдоно баштаса, дагы 7,5 миллион адам Signal мессенджерине өткөн.

WhatsApp'тан юзерлердин массалык түрдөн баш тартышы, бул платформадагы кызмат көрсөтүүнүн шарттары өзгөртүлүп, жана жаңылануусу начар болгондугуна байланыштуу.

Себеби, көпчүлүгү кат жазышуунун конфиденциалдуулугунун сакталышына күмөн санап калышты. Анткени WhatsApp мындан ары Facebook социалдык түйүнү менен анда камтылган данныйлар менен бөлүшөт, деген маалымат чыккан.

Компания адамдын геолокациясын билүү жана Facebook'ка таандык программалардын орнотулуп, же өчүрүлүп жаткандыгы тууралуу отчет бермек. Бул колдонуучулардын табитин аныктап, ошого жараша кызматтарды жана жарнамаларды, тиешелүү контентти тандап бермек.

Бирок мындай чечимди WhatsApp колдонуучулар негативдүү кабыл алып, сүйлөшүү үчүн башка тиркемелерге өтүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/507