Казакстандын ИИМи: Кармалгандардын арасында коңшу мамлекеттин 100 жараны бар
RU

Казакстандын ИИМи: Кармалгандардын арасында коңшу мамлекеттин 100 жараны бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдөгү баш аламандыктан кийин Казакстандын укук коргоо органдары 4,2 миңден ашуун адамды, анын ичинде алдын ала маалыматтар боюнча коңшу мамлекеттин жарандарын кармашкан. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Милиция 4 миң 266 адамды алып келген. Кармалгандардын арасында чет элдик жарандар да бар. Алматы облусундагы айылдардын биринде 100дөн ашуун адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар коңшу мамлекеттин жарандары", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бул тууралуу Казакстандын ички иштер башкармалыгы билдирди. Жамбыл районунун айылында курал-жарактар (бир нече бирдик пулемет жана тапанча) табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5085