УКМКнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Ал мамлекетке чыккынчылык кылган делүүдө
RU

УКМКнын мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Ал мамлекетке чыккынчылык кылган делүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын атайын кызматы өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Карим Масимовду мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармады. Бул тууралуу ишембиде Казакстандын УКМК кызматы билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 6-январында Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик чыккынчылык фактысы боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталган. Ошол эле күнү бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы төрагасы Карим Масимов жана башка адамдар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5086