Казак басылмалары Кыргызстандан келди делип кармалган адамдын видеосун таркатууда
RU

Казак басылмалары Кыргызстандан келди делип кармалган адамдын видеосун таркатууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казак басылмалары кармалган адам митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп келгенин айткан видеону тараткан. Анын айтымында, ага "белгисиз адамдар" митингге катышуу үчүн 200 доллар сунушташкан.

Видеодо Алматыга гастролго көп барган кыргызстандык джаз музыканты Викрам Рузахуновду көрүүгө болот. Туугандарынын айтымында, ага байланыша албай калышкан. Музыканттын жакындары маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстандын компетенттүү органдарына жардам сурап кайрылышкан.

Видео кандай жагдайда тартылганы азырынча белгисиз. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Видеодо ал Алматыдагы батирлердин бирине жайгаштырылганын, учактын акысын да төлөп беришкенин айтат. Аны менен бирге Өзбекстан, Тажикстандан келгендер болгон. Башка маалыматтар айтылган жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5089